Дзью-До боюнча мелдеш өтөт
Бөлүшүү:
23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 11-12 жаштагы балдар жана 14-17 жаштагы кыздар арасында Бишкек шаарынын дзюдо боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирүү таратты. Спорттук мелдеш 22-23-февралда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушундагы жаңы курулган ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлөт. Өспүрүм балдар 29, 32, 35, 38, 42, 46, 50, 55, 60 килограмм салмак категориясы боюнча мелдешсе, кыздар 44, 48, 52, 57, 63, 70 килограмм салмак боюнча күч сынашып байге талашат.
Ссылка: https://barometr.kg/content812
Добавить комментарий ×