Гульбану Азимханова «Дүйнө сулуусу 2017» таажысы үчүн ат салышууда
Бөлүшүү:
19 жаштагы «Казакстан сулуусу 2016» наамынын ээси Гульбану Азимханова Кытайда өтүп жаткан «Дүйнө сулуусу 2017» сулуулар сынагында өлкөсүн таанытууда. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баркачасында жазган.
«Бүгүн сынакта биринчи күнүм, азыр тамактанууга баратам. Баса, мен учурда Кытайдамын, Гуанчжоу шаарындамын. Бул жак абдан жылуу экен. Мен мындайды абдан жакшы көрөм»-деп жазган гульбану.
Эске салсак, Гульбану Азимханова түз эфирде көрүүчүлөрдүн добушу аркылуу «Казакстан сулуусу 2017» сынагынын жеӊип алган.
Наамдан тышкары ага 5 миллион теӊге жана «Дүйнө сулуусу 2017» сулуулар конкурсуна катышууга жолдомо ыйгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8110
Добавить комментарий ×