Россия Кыргызстанга таарынды: Мамдума мигранттар тууралуу мыйзамга оӊдоолорду киргизет

27 октябрь 2017 13:35 962 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамдуманын төрага орун басары ЛДПР партиясынан Игорь Лебедев жума күнү мыйзамга оӊдоо киргизерин кабарлады. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары үчүн Россияда ташып чыгаруу-өткөрүү тармагында улуттук укуктар боюнча иштөөлөрүнө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, РИА Новости жазып чыкты.

Июль айында Россиянын президенти Владимир Путин кыргызстандык жарандарга россиялык айдоочу күбөлүгү жок эле транспорт башкаруу менен байланышкан, Россия Федерациясынын аймактарында эмгек ишмердүүлгүн ишке ашырууга уруксат берген мыйзамга кол койгон.

"Бул саясий пикирден улам эле ишке ашып калды, анткени Кыргызстанда орус тили экинчи улуттук тил катарында эсептелет. Бирок биз азыр кыргыздар Кыргызстандын Россияга каршы көтөрүлүш күнүн улуттук майрам күнү катарында белгилеп алганын көрүп жатабыз. Биз бул нерсени биздин мамлекетке карата өтө эле ынаксыз кадам катары эсептедик. Андыктан оӊдоолорду алып таштоо керек. Кыргыздар сынак тапшырып туруп анан россиялык үлгүдөгү айдоочу күбөлүгүн алышсын", - дейт Лебедев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8105



Добавить комментарий