Мамэкотехинспекциясы өлкөдөгү мыйзамсыз курулуштарды иликтөөдө

27 октябрь 2017 12:52 520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Канатбек Муратбековдун тапшырмасы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында бардык курулуп жаткан турак үйлөр, объекттер, медициналык жана билим берүү мекемелердин мыйзамдуулугу, сапаты жана коопсуздук техникасынын сакталышы текшерилип жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында Таш-Дөбө айыл округунун Орто-Сай айылынын түндүк тарабындагы үч кабаттуу күп батирлүү турак жайдын уруксаты жок курулагндыгы аныкталган.

Аталган имарат тиешелүү долбоор-уруксат берүүчү документтери жок курулган.

Мамбетов К. карата административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүлүп, топтолгон материалдар Аламүдүн районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөлөрүнө жөнөтүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8103



Добавить комментарий