Балдар бакчасы үчүн электрондук негизде кезекке турат
Бөлүшүү:
Билим берүү жана илим министрлиги балдарды бала бакчага кабыл алуу шартын өзгөртөөрү министрликтин коллегиясында айтылды. Ушул жылдан тарта балдарга мектепке чейинки билим берүүдө электрондук негизде кезек киргизилет. Бул коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коёт деп ишендиришүүдө. Мындай ыкма балдарды бала бакчада кабыл алууда тактык орнотуп, баланын үй-бүлөсүнүн социалдык абалына, акчасына карабай аларга бирдей шартта мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзөт дейт министрлик Өлкө аймагы боюнча 1 миң 582 бала бакча катталган. Алардын 274 мамлекеттик, 1миң 7 муниципалдык жана 301 жеке менчик бала бакчалары иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content810
Добавить комментарий ×