Ала-Тоо конушунда газ түтүктөрүн куруу иштери уланууда

27 октябрь 2017 10:34 666 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы  Ала-Тоо конушунда газ түтүктөрү орнотуу боюнча жумуштар 50 пайызга аткарылды же 14,4 чакырымды түздү. Бул тууралуу КРдын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023» программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги пландарына ылайык,  «ала-Тоо» конушунда 1600 турак жайды жаратылыш газы менен камсыздоо иши каралган.

Муну менен бирге, аталган конушта газ түтүктөрүн куруу жумуштары жалпы узундугу 31,8 чакырымды түзгөн 3 участокко бөлүндү.

Учурда «Декабрист» уюму тарабынан №3 участогунда узундугу 14,3 метрди түзгөн куруу-монтаждоо иштери аяктап калды.

Ссылка: https://barometr.kg/content8090



Добавить комментарий