Орусия Сауд Арабиядагы Ниом шаарына миллиарддаган доллар инвестиция салат
Сауд Арабия кура турган “келечектин шаары” Ниом (Neom) үчүн Орусия миллиарддаган доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Эр-Рияддагы форумда Орус түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев билдиргенин Борбор Азия кабарлар кызматы жазып чыкты.
ТАСС маалымдагандай, Орус түз инвестиция фонду башка эл аралык корлор менен биргеликте иштөөгө жана Ниомдун курулушу үчүн белгилүү орусиялык компанияларды да тартууга ниеттенүүдө. Дмитриев агенттикке кеп бир нече миллиард доллар көлөмүндөгү инвестиция жөнүндө болуп жатканын айткан.
Ниом “келечектин шаары” долбоорунун бюджети – 500 млрд доллар, Сауд Арабиянын көз карандысыз экономикалык аймагында курулат. Королдук Ниомду Азия жана Африка үчүн ири технологиялык хабга айлантууну көздөөдө. Шаар толугу менен күн энегриясы жана шамаал менен камсыздалат.
Ниом долбоору 2017-жылдын 24-октябрында сунушталган.
Шаардын аянты – 26 500 чарчы чакырым, Кызыл деңиз менен Акаба булуңунда, Шарм-эль-Шейхке жакын жерде курулат.
Ссылка: https://barometr.kg/content8083
Добавить комментарий ×