Улуттук банк: 13 акча алмаштыруу жайы жабылды
Бөлүшүү:
Улуттук банктын билдиргенине караганда өткөн жылы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалуу түрдө бузгандыгы үчүн 13 акча алмаштыруу жайынын лицензиялары кайтарылып алынды. Акыркы жылдары Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларынын саны кескин өскөн. Улуттук банк акча алмаштыруу жайларынын ишине жерине барып жана Улуттук банкка портал аркылуу күн сайын сунушталуучу отчетторду текшерүү аркылуу көз салат.
Ссылка: https://barometr.kg/content808
Добавить комментарий ×