Түптүн тургуну баӊгизат менен кармалды

26 октябрь 2017 16:21 423 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдын ички иштер министрлиги мыйзамсыз сакталган ири өлчөмдөгү маӊзаттарды алып таштоо боюнча кезектеги иш-чараны уюштурду. Анын жүрүшүндө Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Отрадное кыштагында жайгашкан короо жайлардын биринен 56 жаштагы Түптүн тургуну колго түшүрүлдү. Ал эки кап баӊгизатын алып бараткан. Анын жалпы салмагы 20 кг түздү.

Ошондой эле, гашиши менен салмагы 500 граммдай болгон эки литр банка алынды. Шектүү жаран буга чейин дагы эки ирет соттолгон.

Кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8070



Добавить комментарий