Нарында милиция кызматкери кокустан кесиптешин атып жиберди

26 октябрь 2017 15:47 748 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарында милиция кызматкери тапанчаны кылдатсыздык менен колдонуп өзүнүн кесиптешин кокустан атып салган. Бул тууралуу нарын областык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Кечээ, 25-октябрда, болжол менен кечки саат 18:15терде күзөт бөлүмүнүн куралдар коюлган бөлмөдө1991-жылы туулган милициянын ага сержанты М.Н. аттуу жаран Макаров тапанчасын тапшыруу учурунда аны кылдатсыздыктан улам кесиптеши, КРдын ИИМдин Нарын областы боюнча Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилетти кокустан атып алган.

 

Учурда иликтөө иштери уланууда. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жөнөп кетти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8066



Добавить комментарий