Жогорку Кеӊештин төрага орун басары кызматтан кетет
Парламенттин төрага орун басары, Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов өз каалосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү өзүнүн кызматтан кетишин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун парламент спикери болуп шайланышы менен байланыштырды.
Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кесиптешине жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилесек, парламенттеги булактар маалымдагандай, Төлөновдун ордуна КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранова келиши мүмкүн.
Эске салсак, парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда отставкага кетип, ордуна депуттардын көпчүлүк добушу менен Дастанбек Жумабеков шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8065
Добавить комментарий ×