Орусиянын аба күчтөрү Сирияда 3 түрк аскерин набыт кылды
Бөлүшүү:
Сирияда Орусиянын аба күчтөрүнүн соккусунан үч түрк аскери каза тапты. Бул окуяга байланыштуу Владимир Путин түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганга көнүл айтты. Түркиянын Башкы штабы дагы 11 аскер кызматкери жаракат алгандыгын кабарлаганын Ассошиэйтед пресс жазып чыкты. Орусиялык күчтөр өткөн жыл соңунан бери түркиялык жөө аскерлер операция өткөрүп жаткан Аль-Баб шаарына бомба чабуулун жасаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content806
Добавить комментарий ×