Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн эс алат

26 октябрь 2017 13:28 590 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков КРдын өкмөттүн токтомуна кол койду. Ага ылайык, беш күндүк график менен иштеген уюм, мекеме, ишканалардын жумушчулары үчүн 2017-жылдын 28-октябрь дем алыш күнү 2017-жылдын 6-ноябрь иш күнүнө которулду.

Мындай чечим 2017-жылдагы де малыш жана майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Эске салсак, КРдын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 7-ноябрь өлкөдө дем алыш күн деп жарыяланган. Бул датада республикада Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын (1917-жыл) күнү белгиленмекчи.

Демек, жумада беш күндүк иш тартибинде иштеген уюмдар, мекемелер жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 28-октябрь кадимки иш күнү болот, ал эми 4-7-ноябрь күндөрү болсо де малыш күндөрү болуп саналат

Ссылка: https://barometr.kg/content8059



Добавить комментарий