Кайрат Нуртастын кучакташып түшкөн сүрөтү талкууга түштү

26 октябрь 2017 12:28 1485 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө казак жылдызы Кайрат Нуртастын жубайы менен кучакташып өбүшүп түшкөн сүрөтү социалдык түйүндөрдө колдонуучулардын чоӊ талкуусуна жол ачты. Сүрөт Жулдыз Аубакированын баракчасында жүктөлгөн. Аубакирова ырчынын өмүрлөк жары. Бул тууралуу басылмалар жазып чыкты.

Ырчынын күйөрмандары сүрөттү карап бир аз таӊ калышкан, бирок жубайларга сын көз-караш менен мамиле жасаган эмес.

Тескерисинче, алар Нуртас үчүн “үй-бүлөсүн коомчулуктан жашырбай калды” деп кубанышкан.

Интернет колдонуучулар сүрөткө комментарий катарында «Бактылуу болгула», «Кайрат, сен аялыӊды бекер эле жашырып жүрүптүрсүӊ, анткени ал абдан татынакай экен» деген каалоолорун жазышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8052



Добавить комментарий