Кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурады

26 октябрь 2017 12:03 495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөңдөн бери Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурап жатат. Мунун кесепетинен кээ бир цехтер убактылуу жабылууга дуушар болууда. Бул тууралуу Nazarnews.kg жазып чыкты. Айрым ишкерлер товарды чет өлкөгө учак менен жөнөтүүгө аракет кылып, бирок чыгымы көп болгондуктан, баш тартышкан. Ишканаларда жумуш аксаганы тигүүчүлөрдүн маянасына дагы кедергисин тийгизүүдө. «Made in KG» энбелгиси менен даярдалган товарга Казакстан, Россия жана Беларуста суроо-талап жогору. Бирок чек арада көзөмөл күчөгөндөн бери кийим-кече дарегине өз убагында жетпей, жергиликтүү бизнесмендердин чет жактагы өнөктөштөрү иштешүүдөн баш тартууда. Кардарларын жоготуп жаткан ишкерлердин кирешеси кескин азаюуда. Жумуш 40 пайызга чейин кыскарган.

Ссылка: https://barometr.kg/content8050



Добавить комментарий