Борбордук шайлоо комиссиясы 8 участкада добуш берүүнү жокко чыгарды

26 октябрь 2017 11:51 507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо КР БШКнын аймактык комиссиялары тарабынан бир катар шайлоо участкаларда добуштарды саноо учурунда идентификациялык чек алган шайлоочулар менен шайлоо бюллетендеринин ортосунда айырмачылыктар табылган. Бул боюнча КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү кабарлайт.

 

Добуштарды саноодо төмөнкү участкаларда  айырмачылыктар чыккан:

Сокулук АШК, УШК 7269- саноодо айырма -55

Бишкек АШК, УШК 1243- саноодо айырма -2

Бишкек АШК,УШК 9036 (Түркия, Анкара)-саноодо айырма -9

Сузак АШК, УШК 2118 – саноодо айырма 577

УШК 2119 – саноодо айырма 259,

УШК 2120 – саноодо айырма 126,

УШК 2126 – саноодо айырма 85,

Кара-Суу АШК, УШК №5180– саноодо айырма 48 болгон.

АШК мүчөлөрү тарабынан акты түзүлдү жана аталган участкаларда добуш берүү жокко чыгарылгандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын  31, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгаруу, участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу жана иштин материалдарын укук коргоо органдарына берүү чечимин кабыл алды.

Ссылка: https://barometr.kg/content8048



Добавить комментарий