Бишкекте Биринчи май РИИБнин кызматкери каза болду
Бишкек шаарында ушул жылдын 26-октябрында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери Майрамбеков Уларбек Уланбекович кылмышкердин колунан каза тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсык болордон бир күн мурун Майрамбеков Уларбек, жумуш күнүнү аягында анын –өндүрүшүндөгү материалдарды жана табелдик тапанчаны тапшыргандан кийин алдыда үйлөнө турганына байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн рапорт жазган болчу. Иш жеринен чыккандан кийин ал кесиптешинен Бишкектин кесилиштеринин бирине жеткирип коюуну өтүнгөн. Уларбек келген жеринде калып калган. Кийинчирээк кызматкердин бычактан алган жаракаттарынан улам каза тапканы маалым болгон.
Бул иш боюнча КР Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө жүрүүдө.
Лейтенант Майрамбеков Уларбек Уланбекович 1992-жылы туулган, ал Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы Масы айылынын жашоочусу. 2014-жылы Россиянын ИИМ Академиясын аяктаган. Эмгек жолун милициянын участкалык инспектору кызматынан баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8037
Добавить комментарий ×