Азамат Арапбаев, ЖКнын депутаты: «Мамлекеттик мүлк тармагы кайсы бир партиянын көзүн карабай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши зарыл»
СДПК фракциясы мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча иштери фракциялык жыйында карады. Жыйында эл өкүлү Азамат Арапбаев мамлекеттик мүлктөрдү башкаруунун механизмин карап чыгуу зарылдыгын белгилеп, бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктөр натыйжасыз башкарылганын айтты. «Кризистик кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар-директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тандоонун критерийлерин киргизүү зарыл. Азыркы учурда 1 миңден ашык мамлекетке тиешелүү обьекттер бар, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет угулат. Ушуга байланыштуу мен жылды чыгаша менен жыйынтыктаган ишканалардын жетекчилерин кызматтарынан кетирүүнү сунуш кылам. Урматуу Болсунбек мырза, сиз реформа жасаш үчүн мүлк тармагы кайсы бир партиянын көзүн карабай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши зарыл. Сиз ушул реформаны жасай аласызбы?- деп билдирүү жасады. Өз кезегинде Болсунбек Казаков колунан келишинче болгон аракеттерди көрүп жатканын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content803
Добавить комментарий ×