Германиянын президенти Орусия менен мамилени жакшыртууну каалайт

26 октябрь 2017 09:45 492 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өлкөсүнүн Орусия менен учурдагы мамилесине канааттанбайт. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Ошол эле маалда Штайнмайер Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна жана Украина чыгышындагы жаңжалдарга байланышкан карама-каршылыктарга карабастан өлкөлөр мамилени жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүшү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Путин герман президентинин Орусияга сапарынан кийин эки тараптуу байланыштар бекемделет деген ишенимин билдирди. Орус лидери Штайнмайер менен Украинанын чыгышындагы абалды талкуулаганын айтты. Путиндин айтымында, Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуунун негизи болуп Минск келишимдери эсептелет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8024



Добавить комментарий