Бишкекте милиция кагаздан доллар жасаган африкалык жарандарды кармады

26 октябрь 2017 09:12 595 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ичики иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери алдамчылыкка шектелген Африка Республикасынын жарандарын колго түшүрүштү. Бул тууралуу кечээ, 25-октябрда, ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, аталган жарандар адамдарга кагаздардан доллар жасоо боюнча кызматын сунуштап келишкен.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар Бишкекке келишкен жана жарандардан ири көлөмдөгү сумманы алып ордуна ал сумманы эки эсе көбөйтүп беребиз деп алышкан. Муну менен алар кадимки кара кагаздын кандайча акчага айлана турганын демонстрациялап көрсөтүп беришкен. Шылуундар ишенимге тез кирген адамдарды издеп жүрүшкөн», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Шектүүлөрдү кармоо жана алдамчылык фактыларын аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулган. Натыйжада ИИМдин кызматкерлери тарабынан Калык Акиев көчөсүнөн Камерундун жараны, 1964-жылы туулган Б.Дж. жана Гвинеянын жараны 1967-жылы туулган Н.Н. кармалган. Милиция кызматкерлеринин учурунда тиешелүү чаралар ды көргөндүгү үчүн жарандар шылуундардан жапа чеккен эмес.

Тинтүүнүн жүрүшүндө медициналык беткап, коверт, кара түстөгү порошок, тунук түстүү суюктук табылган. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8018



Добавить комментарий