«Булар кансоргуч» деп адамдарды өлтүрө беришкен

25 октябрь 2017 18:35 581 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Африкалык Малави өлкөсүнүн полициясы 200 кылмышкердди колго түшүргөн. Кылмышкерлер «мыкаачы» деп эсептеген адамдарга аӊчылык кылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

 

Белгиленгендей, Малавинин түштүгүндө ушул жылы сентябрь айында жергиликтүүлөрдүн сыйкырчылык менен кансоргуч деген ишенимдеринин айынан тогуз киши өлтүрүлгөн.

Кылмышкерлердин курмандыгы болуп көбүнчө организминде меланиндин жетишсиздигинен улам кара терилүү жергиликтүүлөргө окшобогон альбиностор болушкан. Мындай зомбулук барган сайын улана берген.  

 

Үрөй учурган мындай окуялар БУУ жана АКШ элчилигин мамлекеттин айрым аймактары барууга кооптуу деп жарыялоого мажбур кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content8007



Добавить комментарий