Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Бөлүшүү:
Ленин райондук ички иштер башкармалыгына калаа тургунунан «2016-жылы ноябрда чала тааныш «Дилим» аттуу аял соода борборлорунун биринде алдоо жолу менен ишенимге кирип жабыр тартуучудан жалпы 544 000 сом суммасындагы товарды сатып береп деп алган. Ал эми соодадан түшкөн акчаны ушул жылдын февраль айында кайтарууну убадалап бирок акчаны бербей изин жашырган» деген арыз түшкөн.
Бул иш боюнча КРдын Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 30 жаштагы Э.Д. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content8006
Добавить комментарий ×