Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун судьялык кызматына Асанованын талапкерлигин жактырды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 25-октябрда, парламенттин жыйынында КРдын президентинин ЖКдагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев Жогорку сотунун судьялык кызматына Нургүл Асанованын талапкерлигин көрсөттү.
Анын талапкерлиги Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитети жана Жогорку Кеӊештин регламенти тарабынан жактырылды.
Кароонун жыйынтыгында, Жогорку Кеӊеш Нургүл Асанованы судьялык кызматка тандап алды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7996
Добавить комментарий ×