Опера балет театрына бөлүнгөн акча мыйзамсыз иштелип, мамлекет жарым миллион сом жабыр тартты
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчилиги оңдоо иштерине бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз сарптаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.Театрдын имаратын оңдоп-түзөө үчүн 12 миллион сомдон ашык каражат эч кандай конкурсу жок эле «БиАуто» компаниясына которулган. Ага кошумча, аталган фирма ремонт иштерин баштабай туруп акчага ээлик кылган. Ошондой эле, имаратты бул компанияга караганда арзаныраак оңдоп берүүнү сунуштаган фирмалар конкурстан четтетилген. Мунун кесепетинен бюджетке жарым миллион сомдой зыян келтирилген. Бул фактыларга байланыштуу конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жана маданият жайдын жетекчилигине карата тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн прокуратура материалдарды экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берди. Эми аталган кызмат териштирип эгер кылмыш иши аныкталса, адамдар сот жообуна тартылышы мүмкүн
Ссылка: https://barometr.kg/content799
Добавить комментарий ×