Дастан Жумабековдун ЖК төрагалыгына талапкерлиги жактырылды
Бөлүшүү:
Көпчүлүк коалициясы депутат Дастан Жумабековдун Жогорку Кеӊештин төрагалыгына талапкерлигин бир добуштан жактырды. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 25-октябрда, коалициянын кезексиз жыйынында кабыл алышты.
Депутаттын талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы көрсөттү.
«Дастан Жумабеков ишин мыкты аткара алды, андыктан биз анын талапкерлигине токтотдук жана аны сиздердин карооӊуздарга сунуштайбыз”, - деп фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
“Мен сиздин талапкерлигиӊизди колдойм. Сиз объективдүү төрага болосуз деген ойдомун”, - деп кошумчалады депутат Ирина Карамушкина.
Белгилесек, бүгүн, Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков өз каалосу менен кызматтан кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/content7989
Добавить комментарий ×