OCCRP менен "Новая газета" Путиндин жакындарынын кирешелерин иликтеди

25 октябрь 2017 09:57 309 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Орусия президенти Владимир Путиндин айланасындагы адамдардын материалдык активдерине байланышуу иликтөөнү жарыялады. Долбоор “Новая газетанын” журналисттери менен биргеликте ишке ашты. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматынан маалымдашты.

Иликтөөдө айрым адамдар наамдарына ири көлөмдөгү активдер жазылганын билбей турганы эске салынат. Авторлор “ортомчулардын” бул каражаты Путинге таандык болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Материалга ылайык, Орусия президентинин 2016-жылдагы кирешеси тогуз миллионго жакын рублди түзгөн. Бирок документтин авторлору Орусия башчысы өз активдерин татаал жана чиеленишкен схемалар аркылуу башкарат деп эсептешет.

Алар Путинге тиешелүү каражаттын бир бөлүгү Михаил Шеломовдун колунда болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Ал Путиндин эжеси Любовь Шеломовдун уулу. Шелемов 49 жашта. Акыркы бир нече жылда ал "Совкомфлот" мамлекеттик мунай компаниясында иштеген. Иликтөөнүн авторлору Шелемов жылына 8400 доллардан ашык киреше таба алмак деп эсептешет.

Бирок OCCRP журналисттери аныктагандай, Шеломов соңку бир нече жылда 573 миллион долларга ээ болгон.

Иликтөөдө байлыктын ири бөлүгү жемкорлук жол менен табылганы, расмий түрдө алар Шеломов жетектеген "Акцепт" компаниясына таандык экенин белгиленген.

2016-жылдын соңунда фирма “Игора драйв” компаниясынын 50 пайыз акциясына ээ болгон. Иликтөөгө караганда, ага инвестицияны Шелемов менен бирге Путинге жакын Юрий Ковальчук менен Владимир Васильев салган.

Шеломов, Ковальчук жана Васильев журналисттерге бул боюнча комментарий беришкен эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7972



Добавить комментарий