Ломбарддар үчүн пайыздык ставкаларды түзүү сунушталды
Бөлүшүү:
Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев ломбарддар үчүн пайыздык ченемди (ставка) түзүүнү сунуштады. Мындай сунушту ал бүгүн, 24-октябрда, экономика жана фискалдык саясат боюнча комиеттин жыйынында билдирди.
«Ломбарддар жогорку пайыздарды коюшууда, ошон үчүн аларга чек орнотуу зарыл. Жарандардын көбү күрөөгө кыймылсыз мүлк, унааларын калтырышат да кийин эчтекеси жок калып жатышат», - деди депутат.
Анын айтымында, жарандарды колдоо үчүн мындай мыйзамды киргизүү керек.
Депутаттын кесиптештери аны колдоп, ошондой эле, өкмөткө жалгыз эле пайыздык ставкаларды эле эмес ломбарддар тарабынан бериле турган насыялардын суммаларын дагы чектөөнү сунушташты.
Ссылка: https://barometr.kg/content7962
Добавить комментарий ×