Чолпон Султанбекова этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызы жана анын уулунан кабар алды

24 октябрь 2017 18:38 531 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-октябрда, КРдын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова т-өрөт үйүндө жаткан этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды. Ал ушул жылдын 21-октябрында көз жарган.

Бала жана энени коргоо улуттук борборунун дарыгери ымыркайдын абалы туруктуу деп билдирди. Ал мөөнөтүнөн мурун төрөлгөндүгүнө байланыштуу балада ара туулгандын белгилери бар.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, эне-баланын ден соолугу калыбына келгенден кийин алар Нарын областына жиберилет. Жанбүбү Маматзайым кызы наристесине мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарууну чечти. Муну менен бирге ал көрсөтүлгөн жардам үчүн президентке жана өкмөткө ыраазычылыгын билдирип кетти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7959



Добавить комментарий