Чүйдө мас депутат Патрулдук милициянын кызматкерин сабап салды
Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында жергиликтүү кеңештин мас депутаты Патрулдук милициянын кызматкеринин кийимин айрып, погонун жулуп алган. Бул тууралуу NazarNews.kg сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү 02:30 чамасында ПМ кызматкерлери айдоочусу мас болуусу мүмкүн деп "Мерседес-Бенц" унаасын токтотушкан. Натыйжада, айдоочу ПМ кызматкерлерине орой мамиле кылып, аларды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирген. Ошондой эле, тааныштарына чалып, окуя болгон жерге келүүсүн суранган. Бир топ убакыттан кийин анын достору келип, ал ПМ кызматкерине асылып, кийимин айрып, погонун жулуп алган.
Жыйынтыгында, окуя болгон жерге оперативдүү тергөө тобу барып, айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген.
Учурда, окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7955
Добавить комментарий ×