Учак кулап баратат деп сүйүктүүсүнө тез арада үйлөнүүнү сунуштаган
Британиялык адвокат Крис Джинс, учак ылдыйды көздөй кулап баратат деп коркуп шашылыш түрдө жанында отурган сүйүктүүсүнө үйлөнүү сунушун киргизген. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Алар AirAsia авиакомпаниясынын каттамы менен Австралиядан Балиге учуп баратышкан. Крис сүйүктүүсүнө үйлөнүү сунушун аралга жеткенде айтуунун пландаган эле. Бирок ал Балиге жетпей калабызбы деген коркунучтан улам учуп бараткан кезде айтууга туура келген.
Натыйжада айрым жүргүнчүлөр кыйкырып ал эми экипаж салондун ичинде «курларды бекиткиле» деп эскертип жаткан учурда Крис аялга «мага турмушка чык» деген.
"Ал макул болду. Биз жерге түшкөндөн кийин дагы экинчи ирет сунушубузду ырастадык", — деп ал журналисттерге айтып берген.
Учак Австралиядагы Перт аэропортунда конууга мажбур болгон. Аталган авиакомпаниядан жагдайды техникалык кемчиликтер кеткендиги менен түшүндүрүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content7953
Добавить комментарий ×