Кыргызстандык жарандарды Казакстандан массалык депортациялоо үчүн негиз жок

24 октябрь 2017 16:22 751 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда жашаган кыргызстандык жарандарды массалык депортациялоого негиз жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев комитеттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Казкстандан биздин жарандарды массалык депортациялоо үчүн эч кандай негиз жок», - дейт чиновник.

Анын айтымында, Казакстанда 35 миӊ кыргызстандык жаран жашайт. Алардын ичинен 20 миңи Алматы шаарында, ал эми он миӊи Астанада, 2 миң жаран болсо Тараз шаарында жашайт.

 «Алардын көпчүлүгү коӊшу мамлекеттердеги базарларда эмгектенишет», - деп белгиледи ал.

Ал эми Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул маселени ал Казакстандын тышкы жана ички иштер министрлери менен талкуулаганын кошумчалады.

 «Мен атайын биздин мигранттардын абалы боюнча кызыктым. Казакстандын ТИМ менен ИИМи кыргызстандык жарандар дайыма мыйзамды сакташат, андыктан алар үчүн өлкөдө жүрүүлөрү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиптер иштейт деп билдиришти»-деп түшүндүрдү министр.

Ссылка: https://barometr.kg/content7950



Добавить комментарий