Москвада Кыргызстандан барган жумушчу кагаз иштеткен жабдыктын алдына калып каза тапты

24 октябрь 2017 15:47 1136 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 23-октябрь күнү, Москвадагы темир-тезек, калдыктарды ресурстарды даярдап-өндүрүүчү «Экопресс» ишканасында эмгектенген кызматкерди оор жабдык басып калып, натыйжада жаран каза тапкан. Буга байланыштуу Эмгек инспекциясы текшерүүнү баштады. Бул тууралуу «МК» порталы кабарлады.

28 жаштагы кыргызстандык Куштарбек Галбаев күндүзгү саат үчтөрдө басмадагы жараксыз кагаздарды иштетүүчү оор жабдыктын алдына калып калган. Бул жабдык абдан кубаттуу, ал бир иштеткенде 500 кг сырьену иштете алат. Окуя кандайча болгондугу азырынча белгисиз. Эч ким көргөн эмес, бир гана чаңырган үндү угушкан.

Болжол менен, Куштарбек Галбаев кагаздардын түгүн орой турган зымдарга илинип кеткен. Жабдыкты токтотуп, жаранды сактап калууга аракет кылынганы менен натыйжа чыккан эмес. Жумушчунун башы менен колу жулунуп кеткен. Ал эми анын денесин кечки саат сегиздерде алып чыгууга мүмкүнчүлүк болгон.

 

Эмгек инспекциясы аталган ишкананын документтерин текшермекчи. Каза болгон Галбаев Кыргызстанда туулуп-өскөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content7948



Добавить комментарий