Бишкекте Чукул медицина борборунун №4 подстанциясы ачылды
Бишкекте Чукул медицина борборунун №4 подстанциясынын ачылышы болду.
Салтанаттуу иш-чарага борбор калаанын мэри Албек Ибраимов, Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова, Ленин районунун администрация башчысы Нурдин Тынаев жана Чукул медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов катышты.
Аталган борбордун адистери үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү максатында Бишкек мэриясы тарабынан мурунку №2 балдар бейтапканасынын имаратын шаардык Чукул медицина борборуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынган.
Жайгаштыруу аянты 830 чарчы метрден ашат жана бардык заманбап архитектуралык, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берет.
Имарат толугу менен капиталдык ондоодон өткөрүлгөн. Ошондой эле ал алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн кабинеттер, тез жардам бригадасына арналган, муну менен бирге дарыгерлер, фельдшер, айдоочулар үчүн өзүнчө эс алуу бөлмөлөр, эмеректер менен жабдылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7947
Добавить комментарий ×