Россияда жол кырсыгына байланыштуу кыргыз жараны соттолот

9 февраль 2017 15:09 522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Москва шаарындагы адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кыргыз жаранына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымат таратышты. Маалыматка ишенсек  жол кырсыгы 1-февраль күнү болгон. Анда Коротыгино айылына көздөй бурулушта УАЗ менен Тойота үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. УАЗ өрттөнүп, ичиндеги адамдар унаадан чыга албай калышкан.  Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын бири Тойота үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, кыргыз жараны болгон.  Айдоочуга азыр  "жол эрежесин бузуу менен эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content794



Добавить комментарий