Депутаттар Даир Кенекеевдин вице-премьерликке талапкерлигин жактырды

24 октябрь 2017 12:26 586 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети көпчүлүк добуш менен коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматына Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 24-октябрда, комиеттин жыйынында кабыл алышты.

Белгилесек, Даир Кенекеев 43 жашта. Ал Новосибирск агрардык колледжинин зооинженерия бөлүмүн аяктаган. Кыргызстан Эл аралык университетинин Эл аралык укук жана дипломатия жогорку мектебин ийгиликтүү бүтүргөн.

Учурда Даир Кенекеев өкмөттүн Талас областындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү. Буга чейин ал мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча Фондусуна башчылык кылат.

Эске салсак, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров ушул жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза тапкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content7937



Добавить комментарий