Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин башкы кеңсесине барат
Бөлүшүү:
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин (ЕБ) Брюсселдеги башкы кеңсесине 16-февралда иш сапары менен келет. Бул тууралуу РИА Новости ЕБдин Кыргызстандагы элчиси Чезаре де Монтиске шилтеме берүү менен жазып чыкты. Иш сапардын алкагында Атамбаев Европа биримдигинин институттарынын жетекчилери менен жолугушары белгиленген. "Алмазбек Атамбаев ЕБдин Брюсселдеги кеңсесине 16-февралда келет. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы жаңы келишим боюнча кызматташуу маселелери талкууланат", — деп Монтис журналисттерге маалымат таратты.
Ссылка: https://barometr.kg/content793
Добавить комментарий ×