Башкы прокуратура жердин мыйзамсыз сатылгандыгы боюнча иш козгоду
КРдын Башкы прокуратурасы тарабынан Чүй областынын Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын кызматкерлеринин жер тилкесин мыйзамсыз бергендиги боюнча КРдын Кылмыш кодексинин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» 304-беренесине ылайык, кылмыш белгилери боюнча иш козголду.
2011-жылдын октябрь айынан декабрга чейин аталган аймактын кызматкерлери тарабынан сынакты формалдуу өткөрүү жолу менен И.А. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 1,0 га жер аянтын 49 жыдык мөөнөт менен убактылуу колдонууга берилгендиги аныкталган.
2014-жылы 30-декабрда И.А. аттуу жаран бул аянтты башка К.Д. аттуу жаранга сатат.
Көз карандысыз баалоого ылайык, аталган жер тилкесинин рыноктук наркы 18 млн 426 миң сомду түзөт. Натыйжада мамлекетке 18 млн сомдон ашуун ири суммадагы зыян келтирилген.
Кылмыш иши иликтенүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content7926
Добавить комментарий ×