Тарых музейинде көзөмөлдүн жоктугунан экспонаттар жоголгон

24 октябрь 2017 09:21 504 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык тарых музейлеринде жүргүзүлгөн инветаризациянын жыйынтыгында Мамлекеттик тарых музейинен 503 экспонат жок болуп чыккан. Бул тууралуу NazarNews.kg сайтында билдирилген.

.

Мындан тышкары, баалуу металлдар фонду боюнча комиссия 29 музей экспонатын тапкан эмес. Ал эми М.В.Фрунзе атындагы үй музейден дагы 100 музейлик экспонат жоголгон.

Көрсөтүлгөн музейлик буюмдардын жоктугу боюнча министрлик күнөөлүү кызматкерлерди аныктоо боюнча тииешелүү чараларды көргөн эмес, бул боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлбөй калган. Эсептөө палатасынын маалыматында, мындан тышкары маданият министринин музей маселеси боюнча чыгарылган буйруктары аткарылган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content7915



Добавить комментарий