Миллионер Али Банат байлыгынын баарын чачат

9 февраль 2017 13:27 592 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Али Банат  аттуу ишкер өзүнүн коркунучтуу рак дартынын акыркы стадиясы менен жабыркап жатканын билгенден кийин, жыйган дүйнөсүн кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алган.  7 айлык өмүрү калганын билген миллионер Али Банаттын дүйнөгө болгон көз карашы заматта өзгөрүп, болгон жыйган дүйнөсүн кайрымдуулук кылмай болду. Ишкер Африкадагы 200дөн ашык жесирге үй менен 600гө жакын жетим балдарга жатакана салып берээрин айтты.  Мындан тышкары Али жергиликтүү элге кызмат кылуучу, жумуш менен камсыздай турган оорукана жана бизнес борборун тургузарын айткан.  “Алла менин өмүрүмдүн аз калганын, жалган дүйнөнү таштап түбөлүк дүйнөгө аттанарымды сезүү үчүн бул ооруну белек кылды. Мага эми жакшылык жасоодон башка эч нерсе жардам бере албайт”, - дейт миллионер. 

Ссылка: https://barometr.kg/content791



Добавить комментарий