"Асанбай" кичи районундагы ураган турак үйдү "Авангард стиль" компаниясынын лидери курууда
Бишкектеги «Асанбай» кичи районундагы урап калган турак үйдү «Авангард стиль» курулуш ишканасы куруп жаткан. Бул тууралуу “Barometr.kg” сайтына мамлекеттик органдар билдирди.
Аталган компания мурунку транспорт жана жол министри Калыкбек Султановдун туугандарына таандык.
Эске салсак, бүгүн, саат 14:00дөрдө "Асанбайда" курулуп жаткан көп кабаттуу турак үй урап түшкөн. Бул тууралуу социалдык тармактардагы колдонуучулар билдиришкен.
«Жаннаттын» жанында турак жайдын каркасы кулап кеткен, жабыр тарткандар бар. Иштеп жаткандар шашылыш түрдө кездеме менен жаба салышкан», - дейт колдонуучу.
Тез жардам станциясынан билдиришкендей, эки куруучу жабыр таркан, алар түрдүү жаракаттарды алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content7905
Добавить комментарий ×