Россиянын Саратов областында болгон жол кырсыгынан беш жаран жабыркады

23 октябрь 2017 16:22 510 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Россия федерациясынын Саратов областында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.   

«23-октябрда болжол менен саат 10:50дө Энгельс-Ершов –Озинки трассасынын 103-чакырымында Honda Stewagn унаасы жол кырсыгына кабылган”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.   

ӨКМнын басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак,  авариядан 2 аял жана үч эркек жабыркаган. Айдоочу жабыркаган эмес.  

Жабырлануучулар жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Алардын өздүгү такталып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7896



Добавить комментарий