Өзбекстан Түркия жарандары үчүн виза алуу шарттарын жеңилдетти

23 октябрь 2017 15:12 552 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркия жарандары чакыруу барагы жок Өзбекстанга виза ала алышат. Тиешелүү токтомго Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү комитети билдирди.

Визаны даярдоо иштери үч күн аралыгында жүргүзүлөт.

Комитет бул документ Өзбекстанга ишкерлик жана туристтик максатта келүүнү каалаган түрк жарандарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынганын билдирди.

Ишкерлик максатта Өзбекстанга бир жылдык мөөнөткө чейин виза алууну каалаган Түркия жарандары үчүн Өзбекстандагы юридикалык жактардын чакыруусун талап кылган жобо алынып салынат.

Бир айлык мөөнөткө турист катары келүүчүлөр дагы туристтик ваучерлер жана Туризмди өнүктүрүү комитетинин чакыруусу жок виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ссылка: https://barometr.kg/content7891



Добавить комментарий