Таласта болгон жол кырсыгынын эки адам каза тапты

23 октябрь 2017 12:49 606 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

Талас районунда 22-октябрь күнү саат 09:00дө КР ӨКМнин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Чоң-Токой–Арал айылынын ортосунда мамлекеттик № В2653АҮ “Хонда-CRV” үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № В2353N “Фольксваген” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан жерге барышкан. Фолксваген унаасында жалпы 4 адам болуп, айдоочусу 1958-жылы туулган  М.С. жана 1 жүргүнчүсү каза болгон. 2 жүргүнчүсү райондук ооруканага жеткирилген. Хонда CRV унаасынын айдоочусу Б.С. унаага кыпчылып калган. Куткаруучулар унаадан чыгарышып, жолдо бара жаткан унаага салышып, ооруканага жеткиришкен.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7883



Добавить комментарий