Эки жаштагы кыз дарыянын жээгинде ойноп жатып сууга агып кетти
Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагында 2017-жылдын 21-октябры күнү саат 17:00 чамасында Айгыр-Жал айылынын тургуну, 2015-жылы туулган Айзирек Абдыбакирова Чаткал дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп, агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
2017-жылдын 22-октябры күнү саат 08:55де КР ӨКМнин №81 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, туугандарынан 12 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер, жалпы 39 адам издөө жумуштарын жүргүзүшүп, саат 09:55те жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content7881
Добавить комментарий ×