Бишкекте катары менен жети кафе жана эс алуучу клуб өрттөндү

23 октябрь 2017 11:15 1048 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Түштүк магистралда болгон өрттөн жети кафе өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.   

Өрт  22-октябрда  саат 10:30да башталган, биринчи болуп Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Ган-Бей» кафеси өрттөнгөн.

 Андан кийин өрт коңшу курулушка жармашкан. Жалпы аянты 3 100 чарчы метр аянт күйгөн.

Кырсыктын кесепетинен машыгуучу залдын 1800 кв.метр чатыры, «Корчма», «Марио», «Бухара», «Асанбай», «Ганбей», «Барклайс», «Кайзер» жана «Дельта Фитнес» машыгуучу, эс алуучу клубу өрттөндү.

Өрт өчүрүүгө 12 өрт өчүрүүчү унаа, куткаруучу бригада, Тазалык ишканасынын  4 унаасы, «Бишкекводоканалдын» 3 унаасы, Тез жардам кызматы тартылды. Куткаруучулар 13 адамга көмөк көрсөтүштү.

 Өрт 17:53тө толук бойдон өчүрүлдү

Жабыркагандар жана курмандыктар жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7872



Добавить комментарий