Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: «Токтогул районуна 54 миллион сомдун тегерегиндеги компенсация төлөнүп бериле элек»
Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында Осмонбек Артыкбаев Токтогул районундагы электр энергиясына болгон баа жөнүндө маселе козгоду. «Токтогул районунун алыскы тоолу аймак деген статустун негизинде 54 миллион сомдун тегерегиндеги компенсация эмгиче каржы министрлиги аркылуу чечилбей жатат. Тез аранын ичинде өкмөт ушуну чечиши керек. 2-3-жылдан бери муну айтып келе жатабыз. Компенцациясы маселеси биздин Токтогул районунда жана Каракөлдө 150 киловаттын тегерегинде. Бул илгерки убакта кабыл алынган норма. Ушул маселени карап койсоңуздар. Азыр кыйынчылыктар башка. 33 миң гектер жер суунун алдында калып Каракөлдүн жашоочулары компенция алат, ушул маселени өкмөт кайра карап чечиши керек»-деди Эл өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/content787
Добавить комментарий ×