Израилдин жараны Каркыра жайлоосунда каза тапты

23 октябрь 2017 08:57 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Израилдин жараны Ысык-Көлдө болгон жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгы Barometr.kg кабарлады.

Жол кырсыгы 21-октябрда болжол менен саат 16.30да Каркыра жайлоосуна бараткан жолдо болгон.

Honda унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып унаа ала салып кеткен. Унаада отурган Израилдин жараны кырсык болгон жерде көз жумду. Дагы бир кыз оор жаракат алып бейтапканага жеткирилди.

 Аталган фактылар боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/content7864



Добавить комментарий