Коенго аңчылык кылган жаран кармалды
Бөлүшүү:
Мамлекеттик экологиялык техникалык иснпекциянын Кочкор, Жумгал райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды.
Мыйзамсыз браконьерликти алдын-алуу, жоюу максатында жүргүзүлгөн рейд учурунда, Кочкор районунун Чалай жайлоосунда “Гольф 2” унаасынын ичинде Чуй облусунун тургуну А.Х аттуу жаран 2 (эки) даана коен 3 (үч) даана кекилик жана 12чи калибриндеге сайсыз мылтыгы менен кармалган. Аталган жаран мергенчилик кылгандыгы такталып, тийштүү айып-доолору менен акты, протоколдор толтурулду. Учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, мыйзамсыз мергенчилик кылган жарандын үстүнөн соттук териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7855
Добавить комментарий ×