Таластын мектебине 1 миллион сомго жакын каражатка даараткана салынат
Бөлүшүү:
Таластагы №1 орто мектептин аймагына суусу бар даараткана салуу пландалып жатат. Талас шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан берилген тендердик билдирме мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылды.
Анын курулушуна 1 миллион сомго жакын каражат, тактап айтканда 930 миң 372 сом 16 тыйын бөлүнүүдө. Конкурсттук билдирме берүү 26-октябрда аяктайт. Даараткана эки айдын аралыгында курулуп бүткөрүлүшү керек. Аны кургандар бир жыл кепилдик берүүгө тийиш.
Ссылка: https://barometr.kg/content7837
Добавить комментарий ×