Чүйдө атасы башка аялга үйлөнгөнүн уккан 14 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап жанын кыйды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 18-октябрда 14 жаштагы кыз эжеси менен уруша кетип 5-кабаттан секирип кеткен. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милиция берген маалыматка таянсак, кыз 18-октябрда болжол менен саат 23.30да бешинчи кабаттан секирип жанын кыйган.
Анын ата-энеси ажырашып, апасы чет өлкөгө иштөөгө кеткен. Чоң энесинин колунда 10-класста окуган эжеси экөө болгон. Ошол күнү чоң энеси айылга кеткенде эже-сиңдилер уруша кетишкен, эмнеден улам чыр чыккан азырынча белгисиз.
24.kg маалымат сайтына жарыяланган маалыматка таянсак, бир аз күн мурда эле кыз атасы кайрадан башка аялга үйлөнгөнүн уккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content7836
Добавить комментарий ×